Кыргызстанда 22-марттан тарта өзгөчө кырдаал киргизилет

21 марта 2020 18:00 677 Barometr
Поделиться в:
ok

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандын аймагында өзгөчө кырдаал режимин киргизүү боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө Премьер-министр билдиргендей, Коопсуздук кеңешинин сунушуна ылайык өкмөт өлкө аймагында 2020-жылдын 22-мартынан баштап 1 айлык мөөнөттө өзгөчө кырдаал режимин киргизет. Бул аракеттердин бардыгы коронавирустун алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө максатында жасалууда.

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов өзгөчө кырдаал менен өзгөчө абалдын айырмасын түшүндүрүп берген.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-22-marttan-tarta-zgch-kyrdaal-kirgizilet



Добавить комментарий