Өзбекстанда коронавирус табылган аял каза болду
Өзбекстанда коронавирус табылган кемпир каза болду. Бул тууралуу Өзбекстандын саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, маркум 72 жашта, Намангандан облустук жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылган. Ал вирусту Түркиядан 12-мартта учуп келген кызынан жуктуруп алган. Учурда ал кыз карантинге алынган.
Министрликтин маалыматы боюнча кемпир андан сырткары диабет жана жүрөк кенемтесинен жабыркап жүргөн.
“Анын жүрөгү бүгүн таңкы саат 4:30да токтоп калды. Дарыгерлер колунан келген бардык аракеттерди көрдү”, — деп айтылат маалыматта.
Акыркы маалымат боюнча Өзбекстанда коронавирус 83 кишиден табылган. Өзбекстан коронавирус жуккандарды дарылай турчу оорукананы беш күндүн ичинде салууну пландап жатат.
Ал ортодо Казакстанда дагы коронавирустан 64 жаштагы кемпир каза болду.
Ссылка: https://barometr.kg/zbekstanda-koronavirus-tabylgan-ayal-kaza-boldu
Добавить комментарий ×