Казакстанда коронавирустан бир киши каза болуп, вирус жуккандардын саны 120 кишиге жетти

27 марта 2020 09:03 3397 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстанда коронавирустан алгачкы бейтап каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн маалымат жана коомдук өнүгүү министри Даурен Абаев билдирди.

Ага ылайык, маркум 64 жашта болчу. Ал Акмола облусундагы ооруканада пневманияны күчөткөн коронавирустан каза болгон. Андан сырткары анын кант диабети, кан басымы жогору жана атеросклероз дарты менен жабыркап келген.

Президент Касым-Жомарт Токаев коопсуздук чаралары күчөтүлө турганын эскертти.

Ал ортодо 27-март саат 8:00гө карата алынган маалымат боюнча Алматы облусунда коронавирус жуктурган жаңы 7 учур катталды. Ошентип, Казакстан боюнча коронавирус жуккандардын саны 120 кишиге жетти.

Аймактар боюнча алып караганда көрсөткүчтөр төмөнкүдөй:

Нур-Султан – 60;

Алматы – 47;

Караганда – 4;

Шымкент – 2;

Акмола облусу – 1;

Алматы облусу – 1;

Актөбө облусу – 1;

Жамбыл облусу – 3;   

Түндүк-Казакстан облусу – 1.

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-koronavirustan-bir-kishi-kaza-bolup-virus-zhukkandardyn-sany-120-kishige-zhetti



Добавить комментарий