Өзбекстанда 5 күндө коронавирус жуктургандар үчүн оорукана куруп бүтүүгө белсенишүүдө
Өзбекстанда коронавирустан жабыркагандар үчүн атайын оорукана курула баштады. Анын биринчи бөлүгүн беш күндүн ичинде эксплуатацияга берүү пландалууда.
Коронавирус менен күрөшүү үчүн жасалган иштердин алкагында Ташкент шаарында жаңы үч оорукана куруу каралган.
“Өзбекстан 24” телеканалы билдиргендей, жаңы медициналык мекемелер Ташкент облусунан башка аймактарга дагы салынат.
Буга чейин Кытайдын Ухань шаарында 1500 миң кишиге ылайыкталган оорукана 10 күндө салынган. Ошондой эле Россия дагы 500дөн ашык орунга ылайыкталган оорукана тез аранын ичинде салынган болчу.
Азыркы тапта Ташкент облусунда оорукана салына турчу жерде иш кызып, жумушчулар иштеп жатат.
Ташкенттин акими Даврон Хидоятов учурда оорукана салуу үчүн төрт жер даяр экенин билдирди.
Эске салсак, Өзбекстанда салынчу ооруканалар контейнерден болот. Алар бир кабаттуу болуп, ар бир бейтапка өз-өзүнчө бөлөм каралган. Анын ичинде бардык керектүү шарттары болот. Атап айтканда душ, туалет жана башка.
Бул жай бир учурда 10 миң кишиге чейин кабыл алып, медициналык жардам көрсөтүлөт.
Өзбекстандын тиешелүү мамлекеттик органдарынын берген маалыматы боюнча азыр 75 кишиден коронавирус табылган.
Ссылка: https://barometr.kg/zbekstanda-5-knd-koronavirus-zhukturgandar-chn-oorukana-kurup-btg-belsenishd
Добавить комментарий ×