Ысык-Көлгө чөгүп кеткен төрт жашар кызды 40ка жакын киши издөөдө
Поделиться в:
Ысык-Көлдө 4 жашар наристе сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалым болгондой, кырсык кечээ, 18-июлда 2018-жылы туулган Н.А. аттуу кыз көлгө чөгүп кеткен.
"Жерине 10 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 15 киши тартылды. Кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулган, натыйжа болгон жок. Бүгүн, 19-июль күнү издөө улантылат", - деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-klg-chgp-ketken-trt-zhashar-kyzdy-40ka-zhakyn-kishi-izdd
Добавить комментарий ×