"Альянс Алтын" өнүктүрүү фондунун жардамы менен Талас облусунда ичүүчү суу түтүктөрү жаңыланууда

15 декабря 2025 14:14 Barometr
Поделиться в:
ok

"Альянс Алтын" өнүктүрүү фондунун жардамы менен Талас районудагы Арашан айылында ичүүчү суу түтүктөрү жаңыланууда.

Талас районунун Беш-Таш айыл аймагына караштуу Арашан айылында ичүүчү таза суу түтүктөрүнүн эскилиги жетип, айыл тургундарын таза суу менен камсыз кылууда көп жылдардан бери олуттуу көйгөй жаратып келген. 

Акыркы 3 жыл ичинде бул маселе өзгөчө курчуп, эски түтүктөр тез-тез жарылып, аймакка таза суунун туруктуу жана толук жетишине тоскоолдук жаратып келген.

Бүгүнкү күндө "Альянс Алтын" өнүктүрүү фонду  4 млн 378 миң 358 сом каражат бөлүп, айылдын ичүүчү суу түтүктөрүн толук жаңылоодо. Жаңы долбоордун алкагында 2 чакырымдан ашык эскирген түтүктөр алмаштырылып, суу берүү системасы заманбап талаптарга ылайык кайра курулууда.

Бул долбоор айыл тургундары үчүн көптөн бери күтүп келген маанилүү жаңылануу болду.

"Альянс Алтын" өнүктүрүү фонду Талас облусу боюнча таза суу тармагында жалпы 25 долбоорду ишке ашырып, 45 миллион сомдон ашык каражат жумшады.


Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyn-nktr-fondunun-zhardamy-menen-talas-oblusunda-ichch-suu-ttktr-zhaylanuuda



Добавить комментарий