Түп – Кеген жолу ачылды

29 сентября 2025 14:45 Barometr
Поделиться в:
ok

“Үстүбүздɵгү жылы салынып жаткан жолдордун дээрлик 80 пайыздан ашыгы мамлекеттик бюджеттин эсебинен ишке ашууда”, - деп белгиледи президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-сентябрда, Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Түп-Кеген жолунун ачылышында сөз сүйлөп жатып.

Мамлекет башчысынын сөзү:

Арыбаңыздар ардактуу агайын-туугандар!

Бүгүнкү иш-чаранын урматтуу катышуучулары жана кадырлуу меймандар!

Биз бүгүн касиеттүү Ысык-Көл жергесинин транспорттук инфратүзүмүн өнүктүрүү менен катар, өлкөнүн карым-катнаш, айыл-чарбасы, экономика жана туризм сыяктуу тармактарын өнүктүрүүгө салым кошо турган кан жолдун боюнда жакшы саамалыкта жүз көрүшүп олтурабыз.

Элибизде “Жолуң ачылсын, ак жол!” деген алкоо-баталар эзелтен бери айтылып, азыр да кайсы бир адамдын болобу же кайсы бир иштин болобу илгерилеп, алдыга жылышына Жараткандан тилек кылабыз. Анын сыңарындай эле, бардык жакшы ой-максаттарыбыз дал ушул өнүгүүнү өзөгүн түзгөн жолдорубуздун жакшырышы менен иш жүзүнө ашат. Авто жол жакшы салынган жерде алака-катыш жанданып, соода, экономика өнүгүп, туризм өсүп, элдин жашоо-турмушу жогорулайт. 

Мына ошондуктан, баарыңыздарды бул чөлкөмдүн транспорттук агымдарын жакшыртууга, коопсуз жана ыңгайлуу кыймылды камсыз кылууга жана экономикалык байланыштарды жандандырууга өбөлгө боло турган Түп-Кеген жолунун ачылышы менен чын дилимден куттуктаймын!

Урматтуу мекендештер!

 “Эшигин көрүп, төрүнө өт” деген накыл кеп сыңары, айыл болобу, облус болобу же республика болобу, башталган чегин, астанасын аттаганда эле кадам таштаган жолуна жараша баа берилет, ой-пикир жаралат. 

Мына ошондуктан, акыркы жылдары республикабыздын бардык аймактарында жол тармагына кеңири көңүл бөлүп, бул тармактын өнүгүүсүнө тиешелүү шарттарды түзүүнүн аракетин көрүп келебиз. 

Өлкөбүздүн булуң-бурчунда заманбап, сапаттуу жолдорду куруу иштери кызуу жүрүп жатат. Бир катар ири долбоорлор мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулуп жатканын баса белгилеп айта кетейин. Үстүбүздɵгү жылы салынып жаткан жолдордун дээрлик 80 пайыздан ашыгы мамлекеттик бюджеттин эсебинен ишке ашууда. Ошентип жол тармагына өзгөчө көңүл буруп, чоң колдоо көрсөтүп келатабыз. Буга 2021-жылдан бүгүнкү күнгө чейин транспорт жана жол тармагына 101,7 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөндүгү айкын мисал.

Жогоруда айтканымдай, ири масштабдагы инфратүзүмдүк долбоорлор аймактар аралык байланышты бекемдеп, элет менен шаарды жакындатып, жарандардын жашоо сапатын жакшыртууда. Биздеги ушундай өзгөрүүлөр урбанизация процесстерин азайтууга жана туура жолго салууга шарт түзөт. Айылдын эли чоң-чоң шаарларга, анын ичинде Бишкекке, Ошко качпастан, элетте дагы жумуш менен камсыз болуп, ишкердикти өнүктүрүп, тыңдап оокат кылууга боло турганына ишене баштады. 

Ошондуктан, кайсы жерде салынбасын, оңдолуп-түзөлбөсөн жаңы жол – ошол аймактарды бириктирип турган гана инфратүзүм эмес, элдин алака-катышын, биримдигинин чыңдай турган жана мамлекетибиздин өнүгүү келечегин аныктай турган өзүнчө бир багыт десек туура болот.

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Дүйнөлүк банк биргелешип ишке ашырган “Борбор Азиядагы регионалдык каттамдарды жакшыртуу долбоорунун үчүнчү фазасынын” алкагында бир катар жолдор жаңыланып, пайдаланууга берилүүдө. 

Бул долбоордун негизги максаты – регионалдык байланыштарды чыңдоо, калктын жашоо шартын жакшыртуу, коңшу өлкөлөр менен соода-экономикалык алакаларды кеңейтүү жана туризмдин потенциалын көтөрүү. 

Жалпы узундугу 52 чакырымды түзгөн Түп–Кеген автожолу заманбап стандарттарга ылайык курулду. Жолдун 39–76-чакырымындагы тилке жана Каркыра–Турук–Сары-Жаз автожолунун 13 чакырымы толук жаңыдан оңдолду.

Урматтуу мекендештер!

Биз сөз кылып жаткан жолубуз кереметтүү Ысык-Көл менен боордош казак элинин Алматы облусун, Алматы шаарын байланыштырган экономикалык жана социалдык мааниси олуттуу жол экенин жакшы билесиздер. 

Ошентсе да бул долбоор бир гана жол курулушу менен чектелбейт. Ал ошондой эле Ысык-Көл облусунда туруктуу туризмди өнүктүрүүгө багытталган. Бир эле мисал, жеке эле чет элдик туристтер эмес, өлкөбүздүн булуң-бурчундагы мекендештерибиз “Манас” эпосунда даңазаланган айтылуу Каркыра жайлоосун көрүп, эс алуусу үчүн дагы шарт түзүлөт. 

Туризм турмагын колдоо максатында бул аймакта 5 туристтик сервис борбору курулуп, инвестициялык шарттарды жакшыртуу үчүн маанилүү иштер аткарылды. “Сан-Таш” тарыхый комплексине бара турчу жол оңдолуп, коңшу айылдардын ички жолдоруна асфальт төшөлдү.

Мындай ири долбоорлордун ишке ашышы Кыргызстандын эл аралык өнөктөштөр менен болгон ишенимдүү кызматташтыгынын жемиши болуп саналат. Бул үчүн мен Дүйнөлүк банкка, ошондой эле долбоорду ийгиликтүү ишке ашырган тармактык министрликке, подрядчы уюмдарга жана бардык куруучуларга ыраазычылыгымды билдирем. 

Иш-чаранын урматтуу катышуучулары!

Жолдун маани-маңызы жолдо жүргөндөргө жакшы маалым эмеспи. Мурда алыс, асфальт басылбаган, аң-чөнөктүү жолдо ортодон бир түнөп суткалап жүргөн учурлар улуу муундардын эсинен кете элек болсо керек. 

Буюрса, Түп-Кеген жолу күнү-түнү, жылдын бардык мезгилинде иштей турган, жаркыраган түп-түз жол болот. Долбоордун алкагында жолду кыш мезгилинде тейлөөчү атайын жол техникаларын сатып алуу да каралган. Эми “жол азабы – көр азабы” эмес, алысты жакын кылган жакшы жол экени тастыкталат.

Кымбаттуу мекендештер!

Биздин максат ушундай маанилүү долбоорлорду улантуу менен өлкөбүздү өнүктүрүү, ар бир жарандын жашоосун жакшыртуу болуп эсептелет.

Бүгүнкүдөй жетишкендиктерибиз – биздин биргелешкен эмгегибиздин, ынтымагыбыздын жана келечекке болгон ишенимибиздин натыйжасы.

Бардыгыңыздарга бекем ден соолук, узак өмүр жана албан-албан ийгиликтерди каалайм. 

Түп-Кеген жолу менен каттагандардын жолу шыдыр, жолдошу Кызыр болсун!

Көңүл бурганыңыздар үчүн ыракмат!”, - деди мамлекет башчы.

Ссылка: https://barometr.kg/tp-kegen-zholunun-achyldy



Добавить комментарий