Видео. Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда чек арачы менен милиция жарадар болду
Бүгүн, 23-июлда саат 7:30га карата кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Чек арадагы кезектеги чатак кечээ, 22-июлда саат 17:20 чамасында болгон. Тажикстандын Ворух айылынын жашоочулары айылдын кире беришине флагшток орнотушкан. Ага Баткендин Ак-Сай айылынын жашоочулары нааразычылык билдиришип, чатак чыккан. Анын натыйжасында жарандардын бири курал колдонуп, ок чыгарган.14 адам жабыркаган. Алардын арасында чек арачы жана милиция кызматкери бар.
Болжол менен саат 19:30да абал курчуп кеткен жана атышуу болгон.
Азыркы учурда калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Учурда Исфара-Ворух жолу жабылды. Окуя болгон жерге чек ара кызматынын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү барып, күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатышат. Ошондой эле эки өлкөнүн жергиликтүү өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Добавить комментарий ×