Чек арадагы чатак. Ак-Сай айылынын 315 тургуну Баткенге эвакуацияланды

23 июля 2019 12:32 1528 Barometr
Поделиться в:
ok

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен областындагы  райондук башкармалыгы берген маалыматка таянсак, кыргыз-тажик чек арасында болгон чатактан кийин Ак-Сай айылынын 315 тургуну Баткенге эвакуацияланды. Бул тууралуу Кыргызстандагы Кызыл жарым ай коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Алардын ичинен 55 үй-бүлө туугандарынын үйлөрүнө, 260 адам  мектептерде уюштурулган убактылуу лагерге жайгаштырылды. Эвакуацияланган жарандардын көбү балдар менен аялдар.

Эскерте кетсек, чек арадагы чатак 22-июлда саат 17:20 чамасында болгон. Тажикстандын Ворух айылынын жашоочулары айылдын кире беришине флагшток орнотушкан. Ага Баткендин Ак-Сай айылынын жашоочулары нааразычылык билдиришип, чатак чыккан. Анын натыйжасында жарандардын бири курал колдонуп, ок чыгарган.14 адам жабыркаган. Алардын арасында чек арачы жана милиция кызматкери бар. 

Болжол менен саат 19:30да абал курчуп кеткен жана атышуу болгон. 

Азыркы учурда калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/chek-aradagy-chatak-ak-saj-ajylynyn-315-turgunu-batkenge-evakuaciyalandy



Добавить комментарий