Видео. Аксай айылынын тургундары арыз-муңун айтып чыгышты

15 марта 2019 17:19 2363 Barometr
Поделиться в:
ok

Өкмөт мүчөлөрү Баткен районундагы Аксай айылынын тургундары менен жолугушкан учурда, эл өз мүдөөлөрүн айтып, чек ара маселесин чечип берүүнү суранышты.

“Чек ара боюнча маселени бир кадам четиңиздерби. Айрыкча Аксайда 1968-жылдан бери ушул күндү көрүп келе жатабыз.Түндө жатканда мылтыкты жаныбызга коюп жатабыз. 2013-жылы баламды үйүмө чейин кирип сабап кетишти.Убада беришти, эч нерсе чечишкен жок. Заставанын ичинде жашынып жатышат. Андан кийинки жылы баламды атып кетти, губернатор ушул жерде турат,бир ооз абалымды сураган жок. Президенттен суранабыз, бул жерге бир ишти чечкендер келсин.Тажап бүттүк. Биздин биринчи талабыбыз чек ара маселесин чечишсин.Экинчи маселе милициялар жүрөт, ок жеп жатат, колунда дубинка менен эмне кылат, кантип коргойт”,-деп кайрылды айыл тургуну.

Эске сала кетсек, 13-мартта саат 15:30да Кожогар аймагында КРнын Баткен облусунун Аксай айылы менен Тажикстандын Мехнатабад айылынын жашоочулары ортосунда жаңжал чыккан. Анын себеби, Баткен облусундагы Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу болгон. Эки мамлекеттин тургундары чогулуп, бири-бирине таш ыргытышкан.

КР Мамлекеттик чек ара кызматынын бүгүн, 15-мартта берген маалыматына ылайык, учурда чек арадагы абал салыштырмалуу туруктуу.

Ссылка: https://barometr.kg/video-aksaj-ajylynyn-turgundary-aryz-muun-ajtyp-chygyshty



Добавить комментарий