Орок: күч органдары таң атканча жагдайды көзөмөлдөдү, жол жабык

6 июня 2019 07:56 1170 Barometr
Поделиться в:
ok

Чыр-чатак чыккан Орок айылында унаалар кирүүчү жол жабык болууда. Түнкү саат 2де Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Курман Исмаилов Орок айылынын эки тарабына блокпосттор коюлганын билдирди. Унааларды текшерип жатышат. Күч органдары жагдайды таң атканча көзөмөлдөштү.  

Эскерте кетсек, 5-июнда болжол менен саат 8:30да айт намазынан кийин өспүрүмдөр уруша кетип эки жаш жигит 2002-жылы туулган А. Т.,ны сабап салышкан. Сотко чейинки сурак маалында бул эки өспүрүм 1996-жылы туулган А. К., жана 2004-жылы туулган А. А.,экени белгилүү болду.

Ушундан кийин жергиликтүү тургундардын эки тобу чогулуп бул жаш жигиттердин үй-бүлөсүн айылдан көчүрүү талабын коюшкан. Өз ара талаш-тартыштан кийин чатак чыккан.

Чүй областтык ички иштер башкармалыгынын расмий маалыматына таянсак, чатактан 15 үйдүн айнектери талкаланып, чөптөрү өрттөнгөн.Бул факты боюнча 32 адам кармалып, кайра милдеттүү бошотулду.

Ссылка: https://barometr.kg/orok-kch-organdary-ta-atkancha-zhagdajdy-kzmldd-zhol-zhabyk



Добавить комментарий