Видео. Бильярдчы Азиз Мадаминов "Саввиди" мелдешинин жарым финалында ойноп жатат

27 октября 2019 14:03 5059 Barometr
Поделиться в:
ok


Кыргызстандык бильярдчы Азиз Мадаминов “Саввиди” мелдешинин жарым финалындагы биринчи партияны 4:8 эсебинде утуп, алдыга чыкты. Эрежеге ылайык оюн 5 жеңишке чейин болот.

Азиз өзбекстандык Александр Сидоров менен финалга жолдомону талашып жатат. Бул тууралуу жеринен анын жеке машыктыруучусу Иляс Адамов “barometr.kg” сайтына билдирди.

Азиз өзбекстандык Александр Сидоров менен жарым финалда ойноп жатат. Атаандашы тактыкалык жактан мыкты ойногон бильярдчы. Ага карабай Азиз токтоолук менен жыйнактуу оюн алып барып жатат”, - деди Иляс Адамов.

Эскерте кетсек, ушу тапта Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында байге фонду 8 миллион рубльди түзгөн Иван Саввиди ысымындагы мелдеш өтүп жатат.

Экинчи жарым финалда Моодовалык Сергей Крыжановский менен өзбекстандык Нодирбек Мирзаев беттешип жатат. Үчүнчү партия жүрүүдө, жалпы эсеп 1:1.

Ссылка: https://barometr.kg/video-bilyardchy-aziz-madaminov-savvidi-meldeshinin-zharym-finaldy-ojnop-zhatat



Добавить комментарий