Видео. Бильярдчы Азиз Мадаминов “Саввиди” мелдешинин финалына чыкты
Кыргызстандык бильярдчы Азиз Мадаминов “Саввиди” мелдешинин финалына чыкты. Ал жарым финалында өзбекстандык Александр Сидоров менен ойноп, жалпы 2:4 эсеп менен утуп алды.
Бул тууралуу жеринен анын жеке машыктыруучусу Иляс Адамов “barometr.kg” сайтына билдирди. Машыктыруучу беттеште Азизге ар бир кезекти кылдат пайдалануу милдети коюлганын айтты.
“Биздин Азиз жакшы ойноду. Эми финалдык бештеш калды. Жарым финал оор болду. Атаандаш ар бир майда-барат нерселерге көңүл буруп ойногондуктан, Азизге да ар бир кезекти кылдат пайдалануу тактикасы коюлду. Тобокелчиликке салууга болбой турганы эскертилген. Ошондуктан жыйнактуу беттеш алып барды. Эми Финалда ийгилик болсун!”, - деди машыктыруучу Иляс Адамов.
Кыргызстандык кий чебери биринчи партияны утуп, кийин эки ирет удаасы менен жеңилди. Калган 4 партияны удаасы менен утуп, финалга жолдомо алды.
Эми Азиз Мадаминов алтын байге үчүн молдовалык Сергей Крыжановский менен таймашат. Ал жарым финалда өзбекстандык Нодирбек Мирзаев беттешип, 5:4 менен утуп алды.
Эскерте кетсек, ушу тапта Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында байге фонду 8 миллион рублди түзгөн Иван Саввиди ысымындагы бильярд боюнча мелдеш өтүп жатат.
Мелдеште биринчи орунду ээлеген кий чеберине 1,5 миллион рубль, экинчи орунга 1 млн. үчүнчү орунду ээлеген эки бильярдчыга ар бирине 500 миң рублден акчалай байге каралган.
Азиз Мадаминовго финалда ийгилик каалайбыз!
Ссылка: https://barometr.kg/video-bilyardchy-aziz-madaminov-savvidi-meldeshinin-finalyna-chykty
Добавить комментарий ×