Бильярд. Азиз Мадаминов “Саввиди” мелдешинде 2-орунду ээлеп 1 млн рубль акчалай байге алды

28 октября 2019 09:00 1089 Barometr
Поделиться в:
ok


Кыргызстандык бильярдчы Азиз Мадаминов “Саввиди” мелдешинде экинчи орунду алды. Мелдештин баш байгеси үчүн финалдык беттеште ал Молдавиянын спортчусу Сергей Крыжановский менен кез келди. 8 партияга созулган кыл чайнаш беттеште молдовалык кий чебери ийгиликтүү чыгып 5:3 эсебинде жеңип, мелдештин баш байгеси, бир жарым миллион рубль акчалай сыйлыкты утуп кетти.

Бул тууралуу жеринен Кыргызстандык бильярд адиси, Азиз Мадаминовдун жеке машыктыруучусу Иляс Адамов “barometr.kg” сайтына билдирди. Машыктыруучу беттеш Крыжановский өздүк шарга басым жасаганы менен артыкчылык көрсөттү деген пикирин айтты.

“Биринчиден Азиз Мадаминовду байгелүү экинчи орунду алышы менен куттуктайм! Азиз бул мелдеште жалпылап айтканда жакшы ойноду. Эми финалдык бештеште атаандашы молдовалук спортчу өздүк шарга басым жасап ойногону менен өзгөчөлөндү. Өздүк шарларды мыкты уруп, ошол эле учурда Азизге ыңгайлуу учур бербегенге аракет жасаганы да ийгиликтүү болуп жатты. Эми буйрук жеңиш тигил тарапта экен. Крыжановский утуп кетти”, - деди машыктыруучу Иляс Адамов.

Азиз Мадаминов экинчи орунга татып, бир миллион рубль акчалай байге утту. Ал эми мелдеште үчүнчү орунду камсыздашкан өзбекстандык эки бильярдчы Нодирбек Мирзаев жана Александр Сидоров ар бири 500 миң рублден акчалай байге берилди.

Акчалай байге мелдеште камсыздаган орундарына жараша бардык катышуучуларга берилди.

Эскерте кетсек, 19-октябрдан 27-октябрга чейин Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында байге фонду 8 миллион рублди түзгөн Иван Саввиди ысымындагы бильярд боюнча мелдеш өттү. Ага КМШ чөлкөмүндөгү 10 мамлекеттен 250 кий чебери катышты. Алардын арасында спортуна эмгек сиңирген спортчулар, эл аралык спорт чеберлери бар.

Ссылка: https://barometr.kg/bilyard-aziz-madaminov-savvidi-meldeshinde-2-orundu-eelep-1-mln-rubl-akchalaj-bajge-aldy



Добавить комментарий