Видео. Бильярдчы Азиз Мадаминов 8 миллион рубль байге фонду бар «Саввиди» мелдешинин жарым финалына чыкты
Кыргызстандык бильярдчы Азиз Мадаминов Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында өтүп жаткан “Саввиди” мелдешинин жарым финалына чыкты. Чейрек финалда ал орусиялык Никита Володин’ди 5:2 эсебинде утуп алды.
Бул тууралуу жеринен анын жеке машыктыруучусу Иляс Адамов “barometr.kg” сайтына билдирди. Анын айтымында, Азиз 2:0 утулуп жатып, аягында жеңип кетти.
“Азиз беттешти ийгиликсиз баштады. 0:2 эсебинде утулуп келе жатып, өзүн-өзү колго ала алды. Айрым учурларда тобокелге салып ойноп да жиберип жатты. Азиз агрессивдүү оюн көрсөттү”, - деди машыктыруучу Иляс Адамов.
Эми эртең жарым финалда Азиз Мадаминов өзбекстандык Александр Сидоров менен таймашат. Сидоров өз кезегинде 1/8 финалда кыргызстандык Ызат Ратбековду, чейрек финалда орусиялык Дмитрий Шкодоны жеңип чыккан.
Добавить комментарий ×