Видео. Бахтияр Дүйшөбеков “Башундара Кингс” клубу менен Бангладеш футбол федерациясынын Кубогун жеңди

6 января 2020 01:01 2645 Barometr
Поделиться в:
ok


Кыргызстандын улуттук курамасынын футболчусу Бахтияр Дүйшөбеков өзүнүн “Башундара Кингс” клубу менен Бангладеш футбол федерациясынын Кубогу мелдешин жеңип, чемпион болду.

Кубоктогу алтын байге үчүн финалдык беттеште “Бахтияр жана Ко” “Рахаматганж” клубу менен кез келди. “Башундара Кингс” биринчи бөлүктө эсепти ачты. Атаандаш эсепти теңегени менен кыргызстандык футболчунун командасы экинчи бөлүктүн 75-мүнөтүндө гол киргизип, дагы алдыга чыкты. Бул гол беттештин, жалпы эле мелдештин тагдырын чечкен алтын гол болду. Жыйынтык 2:1, Бахтиярдын “Башундара Кингс” клубу чемпион!

Бахтияр Дүйшөбеков беттеш тууралуу “barometr.kg” сайтына комментарий берип, сүйүнгөнүн жашырган жок.

Биз чемпион болдук. Бул жылдын ийгиликтүү башталышы. Өтө кубанычтамын. Колдоо көрсөткөндөрдүн баарана ыраазычылык айтам. Беттеш айыгышкан чыңалууда болду. Анткени, биз бул мелдеште Өлкө чемпиону, Бангладештин Эгемендүүлүк Кубогунун чемпиону, статусу бийик команда катары катыштык. Ошондуктан жеңилүүгө жол жок болчу. Машыктыруучулар тарабынан талап ушундай болду. Футболчулар алдыга коюлган планды аткардык. Команданын жетекчилиги, машыктыруучулар, футболчулар баары ыраазы”, - деди Бахтияр Дүйшөбеков.

“Башундара Кингс” жарым финалда “Police United” клубун уткан. Ал эми чейрек финалда “Муктижоддха Сагсад” клубун жеңип алган.

Кыргызстандын улуттук курамасынын жарым коргоочусу 2019-жылдын башынан бери аталган командада ойнойт. Ал өткөн жылы “Башундара Кингс” клубу менен Бангладештин чемпионатын да уткан. Былтыр чемпионатта жана өлкө Кубогундагы оюндарда Бахтияр жалпысынан 10 гол киргизип, 14 голдук топ чыгарып берген.

Быйыл клубдун жетекчилиги Бахтияр Дүйшөбековдун командада калуусун өтүнүп, тараптар бир жылдык жаңы келишим түзүшкөнүн футболчу биздин сайтка айтып берген.

Ссылка: https://barometr.kg/video-bahtiyar-djshbekov-bashundara-kings-klubu-menen-bangladesh-futbol-federaciyasynyn-kubogun-zhedi



Добавить комментарий