Видео. Бахтиярдын “Башундара Кингс” футбол клубу Бангладештин Кубогунун жарым финалына чыкты
Кыргызстандын улуттук курамасынын футболчусу Бахтияр Дүйшөбеков өзүнүн “Башундара Кингс” клубу менен Бангладеш футбол федерациясынын Кубогу мелдешинин жарым финалына чыкты. Бул тууралуу футболчу “barometr.kg” сайтына билдирди.
Кечээ, 31-декабрда ¼ финалда “Бахтияр жана Ко” “Муктижоддха Сагсад” клубу менен кез келди. Негизги бөлүк 1:1 тең чыгуу менен аяктады. 15 мүнөттөн берилген эки экстра таймда да жеңүүчү аныкталган жок. Беттештин тагдыры 11 метрлик пенальтилер сериясынан чечилиди. “Башундара Кингс’тин” футболчулары таамай тебишип, жарым финалдык жолдомону илип кетишти. Жеңүүчүлөрдөн биринчи болуп Бахтияр Дүйшөбеков гол киргизип, ийгиликке жол ачып берди.
“Башундара Кингс” эми жарым финалда “Police United” клубу менен беттешет. Оюн 3-январда болот.
Эске сала кетсек, өткөн жылы бул мелдешти Бахтияр Дүйшөбековдун “Башундара Кингс” клубу жеңип алган.
Кыргызстандын улуттук курамасынын жарым коргоочусу 2019-жылдын башынан бери аталган командада ойнойт. Ал өткөн жылы “Башундара Кингс” клубу менен Бангладештин чемпионатын да уткан. Былтыр чемпионатта жана өлкө Кубогундагы оюндарда Бахтияр жалпысынан 10 гол киргизип, 14 голдук топ чыгарып берген.
Быйыл клубдун жетекчилиги Бахтияр Дүйшөбековдун командада калуусун өтүнүп, тараптар бир жылдык жаңы келишим түзүшкөнүн футболчу биздин сайтка айтып берген.
Добавить комментарий ×