Футболчу Бахтияр Дүйшөбеков “Башундара Кингс” клубу менен жаңы келишим түздү
Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасынын жарым коргоочусу Бахтияр Дүйшөбеков өзү ойноп жаткан Бангладештин “Башундара Кингс” клубу менен келишимин узартты. Бул тууралуу футболчу “barometr.kg” сайтына билдирди.
Команданын президенти, машыктыруучулар штабы Бахтиярды быйылкы сезондо да командага ойноп берүүсүн суранып, жаңы шарттагы келишим сунуштаган.
“Клубдун президенти, машыктыруучулар былтыркы оюндарымды жакшы деп баалашып, быйыл да ойноп бер деп суранышты. Менде башка да варианттарым бар болчу. Клуб сунуштаган келишимди ар тараптан таразаладым. Маянаны менин көңүлүмө, купулума толо тургандай өлчөмдө белгилеп беришти. Айына канча берерин айта албайм, бирок мен үчүн жетиштүү сумма болду. Буюрса бул клуб менен Азия футбол конфедерациясынын (АФК) Кубогуна ойнойм деген жакшы максаттар менен жаңы келишимге бардым”, - деди Бахтияр Дүйшөбеков.
Эскерте кетели, Бахтияр Дүйшөбеков “Башундара Кингс” командасына өткөн жылдан бери ойнойт. Былтыркы жылы ал командасы менен Бангладештин чемпионатын, өлкөнүн Эгемендик Кубогун утуп алган.
Бахтияр чемпионатта жана өлкө Кубогундагы оюндарда жалпысынан 10 гол киргизип, 14 голдук топ чыгарып берген.
Ссылка: https://barometr.kg/futbolchu-bahtiyar-djshbekov-bashundara-kings-klubu-menen-zhay-kelishim-tzd
Добавить комментарий ×