Бахтияр Дүйшөбеков Бангладеште чемпиондукту майрамдап, Кыргызстандын желегин желбиретти

5 августа 2019 12:03 1539 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз футболчусу Бахтияр Дүйшөбеков өзүнүн «Башундара Кингс» командасы менен Бангладештин чемпиондугун расмий майрамдады. Чемпиондук Кубок тапшырылган салтанаттуу азем кечээ болгонун футболчу өзү barometr.kg сайтына билдирди. Бахтияр Дүйшөбеков салтанатта башына кыргыздын калпагын кийип, Кыргызстандын желегин желбиретти. 

Ал ойноп жаткан Бангладештин “Башундара Кингс” командасы өлкөнүн премьер-лигасынын 24-турунда мөөнөтүнөн мурда эле чемпиондукту камсыздаган. Эми Бахтияр Дүйшөбеков «Башундара Кингс» менен 2020-жылы Азия футбол конфедерациясынын Кубогуна ойнойт. Быйыл Бахтияр чемпионатта жана өлкө Кубогундагы оюндарда жалпысынан 10 гол киргизип, 14 голдук топ чыгарып берген.

Эске сала кетсек, Бахтияр 2018-жылы өзүнүн командасы менен Бангладеш Кубогун да уткан.

Ссылка: https://barometr.kg/bahtiyar-djshbekov-bangladeshte-chempionduktu-majramdap-kyrgyzstandyn-zhelegin-zhelbiretti



Добавить комментарий