Кумтөрдө дайынсыз жоголгон жумушчулардын туугандарын кенге алып барышты

3 декабря 2019 11:46 1527 Barometr
Поделиться в:
ok

Учурда Кумтөр кенинде дайынсыз жоголгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрү кенге келишти. Бул тууралуу компаниянын Басма сөз кызматы кабарлады.

Аларга издөө жана куткаруу иштери боюнча толук маалымат берилип, ар тараптуу психологиялык жардам көрсөтүлүүдө.

2019-жылдын 1-декабрында «Кумтөр» кениндеги кызматкерлердин аты-жөнү:үйүлгөн бош текте жүргөн жер көчкүдө дайынсыз калган кызматкерлердин аты-жөнү:

1. Ишенбеков Омурбек Куручбекович, тоо-кен иштеринин мастери, 1984-жылы 17-июнда туулган (35 жашта), КГКда 2010-жылдан бери эмгектенет, Бишкек шаарынын тургуну.

2. Жунушов Жолдошбек Тынчылыкович, бульдозер машинисти, 1972-жылы 14-июлда туулган (47 жашта), КГКда 2010-жылдан бери эмгектенет, Тоң районунун тургуну (Темир Канат айылы). 

Ссылка: https://barometr.kg/uchurda-dajynsyz-kyzmatkerlerdin-j-bllr-kumtr-keninde



Добавить комментарий