Тышкы иштер министрлиги Кылычбек Султановду кызматтан бошотууну суранды

25 сентября 2018 13:25 1739 Barometr
Поделиться в:
ok

Тышкы иштер министрлиги Эрлан Абдылдаев президент Сооронбай Жээнбековго Кыргызстандын Кореядагы элчиси Кылычбек Султанды кызматтан бошотуу өтүнүчүн жөнөттү. Бул тууралуу президенттин аппаратынан массалык маалымат каражаттарына билдиришти. Элчи кандай негизде кызматтан алынып жаткандыгы айтылган жок.

Белгилей кетсек, кечээ Кыргызстандын Кореядагы элчиси Кылычбек Султан Бишкекте маалымат жыйын уюштуруп, президенттик аппараттан Каденова тууралуу маалыматты таратпагыла деген көрсөтмө келгенин айткан. Ал ортодо президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева Султановдун айткандарын четке каккан.

Ссылка: https://barometr.kg/tyshky-ishter-ministrligi-kylychbek-sultanovdu-kyzmattan-boshotuunu-surandy



Добавить комментарий