Төө-Ашуудагы тоннелдин ичинде жеңил унаа менен мотоцикл кагылышты
Поделиться в:
Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымындагы "К.Көлбаев" атындагы тоннелдин ичинде жеңил унаа менен мотоциклдин катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу ӨКМнин Басма сөз кызматы билдирди.
Кырсыктын кесепетинен К.И. аттуу эркек киши жабыркаган.
Жерине Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымында нөөмөттө турган 2 куткаруучу тартылып, жабыркаган жаранды тез жардам кызматына өткөрүп, бузулган унааларды сыртка чыгарып беришкен.
Ссылка: https://barometr.kg/t-ashuudagy-tonneldin-ichinde-zheil-unaa-menen-motocikl-kagylyshty
Добавить комментарий ×