Талибдердин басып киришинен улам Афганистанда мөөнөтсүз коменданттык саат киргизилди

26 июля 2021 10:01 1182 Barometr
Поделиться в:
ok

Афганистандын бийлиги “Талибан” кыймылына каршылык берип туруш үчүн 31 провинцияда мөөнөтсүз түнкү коменданттык саат киргизди. Бул тууралуу Афганистандын ички иштер министрлигинин басма сөз катчысынын орун басары Ахмет Зияга шилтеме берүү менен РИА Новости булагы кабарлаганын “Барометр” маалымдайт.

Ведомство өкүлүнүн айтымында, комендаттык саат жергиликтүү убакыт боюнча түнкү 22.00дөн таңкы саат  04.00гө чейин киргизилди.

“Коменданттык саат талибдерден коргонуу үчүн кабыл алынды, анткени алардын чабуулдарынын көбү түн ичинде болуп жатат.Бул чечим Кабул шаарына жана Нангархар жана Панджшер провинцияларына тиешелүү эмес”,-деп айтты Ахмет Зия.

Ссылка: https://barometr.kg/talibderdin-basyp-kirishinen-ulam-afganistanda-mntsz-komandanttyk-saat-kirgizildi



Добавить комментарий