Марат Иманкулов Сауд Аравиянын куралдуу күчтөрүнүн начальниги менен терроризмге каршы туруу чараларын талкуулады

20 января 2023 13:36 728 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын коопсуздук
кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Сауд Аравиясынын  куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын начальниги Фаяяз бин Хамад Аль-Рувайли менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Жолугушуунун жүрүшүндө регионалдык коопсуздук маселелери, терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү кырдаал, учурдагы эл аралык абал боюнча пикир алмашуу болду.

Чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүү, ошондой эле экономикалык өнүгүү жаатында Кыргызстан менен Сауд Аравия Королдугунун ортосундагы практикалык кызматташуунун актуалдуу багыттары талкууланды.

Марат Иманкулов эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыгында мындан аркы биргелешкен жемиштүү иштерге даяр экенин билдирди.



Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-koopsuzduk-keeshinin-katchysy-saud-araviyanyn-kuralduu-kchtrnn-nachalnigi-menen-el-aralyk-terrorizmge-karshy-turuu-charalaryn-talkuulady



Добавить комментарий