Талибдер бир сутканын ичинде Афганистандын тогуз районун басып алышты
Өткөн суткада "Талибан" кыймылы Афганистандын тогуз районун каратып алышты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн TOLOnews телеканалына шилтеме берүү менен “Барометр” маалымдайт.
“Акыркы 24 саатта талибдер Кофаб, Арго, Кохистан, Зибак, Яван жана Бадахшандагы Бахарак, Кандагардагы Панджвай, Пактидеги Зерок, Тахардагы Уорсадж райондорун каратып алышты”,-деп кабарлады телеканал.
Бул арада Бадахшан провинциясындагы Хохон уездине талибер кол салган алган маалда 100гө жакын афган аскери баш калкалап Тажикстандын аймагына качып кирди. Бул тууралуу Тажикстандын чек ара кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.Тажик чек арачылары түзүлгөн кырдаалды эске алып аларды аймагына киргизүүгө мүмкүндүк берди.
Ссылка: https://barometr.kg/talibder-bir-sutkanyn-ichinde-afganistandyn-toguz-rajonun-basyp-alyshty
Добавить комментарий ×