Жалал-Абадда терроризмге, экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча семинар-тренинг өтүүдө

25 мая 2023 14:55 1107 Barometr
Поделиться в:
ok

Жалал-Абадда милиция кызматкерлери үчүн терроризмге, экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча семинар-тренинг өтүүдө. Бул тууралуу ИИМдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой,  “Экстремист” ыкчам алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө 2023-жылдын 24-майынан 27-майына чейин Жалал-Абад ОИИБнин   кызматкерлери үчүн “Коомчулук арасында экстремизмди жана терроризмди алдын алууда укук коргоо органдарынын ролу” аттуу темада семинар-тренинг өткөрүлүүдө.

“Бул иш-чара ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аркеттенүү кызматынын демилгеси менен LEICA долбоорунун алкагында Европа Биримдигинин колдоосу аркылуу эл аралык эксперттердин катышуусунда  өтөт.  

Милиция кызматкерлери үчүн “Коомчулук арасында экстремизмди жана терроризмди алдын алууда укук коргоо органдарынын ролу” аттуу темада туруктуу кызматташтыкты жана маалымат алмашуу каналын бекемдөө, аны өркүндөтүү, облус аймагындагы күч түзүмдөрү ортосунда терроризмге, экстремизмге каршы аракеттенүүдөгү кызматташуунун негизги багыттарын аныктоо жана коомчулук арасында экстремизмди, радикализмди алдын алуу иш-чараларын жакшыртуу максатында уюштурулду.

Аталган семинар-тренинг ИИМдин ЭММКАКнын улук ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери милициянын полковниги Манас Аманбаев, ИИМдин Академиясынын улук окутуучусу милициянын улук лейтенанты Медер Карабаев тарабынан LEICA долбоорунун өкүлдөрү менен биргеликте уюштурулуп, кызматкерлерге  “Кыргызстандагы диний радикалдашуунун алгачкы белгилери жана аларды алдын алуу”, “Экстремисттик жана террористтик уюмдардын, материалдардын коркунучтары, өзгөчөлүктөрү”, “Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты” аттуу темалар боюнча  атайын даярдалган слайддар аркылуу баяндамалар жасалып, видеотасмалар көрсөтүлдү.

Ошондой эле, алар экстремисттик, террористтик жана деструктивдүү көз караштагы диний уюмдардын ишмердүүлүгүнө жол бербөө максатында жалпы коомчулук менен биргеликте иш-чараларды жүргүзүү багытында практикалык жардамдарды көрсөтүү тажрыйбаларын бөлүштү.

Семинарды өткөрүү учурунда, катышуучулар тарабынан берилген суроолорго эксперттер тарабынан жооптор берилип, аягында катышуучуларга  ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан даярдалган, диний экстремизмдин алдын алуу темалары боюнча 1500  ашык нускада усулдук китепче, буклеттер, эстеткичтер таратылды”, деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-terrorizmge-ekstremizmge-karshy-araketten-boyuncha-seminar-trening-td



Добавить комментарий