Таластагы жол кырсыктан 50 жаштагы адам каза болду
Поделиться в:
Таластын Кара-Буура районунда 26-декабрь күнү саат 19:16да Кызыл-Адыр айылында “Хонда-СРВ” үлгүсүндөгү унаа менен “Нива” үлгүсүндөгү унаа кагышты.
Кырсыктын кесепетинен 1968-жылы туулган К.Т. аттуу эркек киши каза болуп, 2 эркек киши жабыркаган. Бул маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Жерине өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, унаада кыпчылып каза болгон жарандын жансыз денесин чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ал эми жабыркагандарды тез жардам кызматы райондук ооруканага алып кеткен.
Ссылка: https://barometr.kg/talastagy-zhol-kyrsyktan-50-zhashtagy-adam-kaza-boldu
Добавить комментарий ×