Таласта муз тоңуп үйлөрдү суу каптоо коркунучу жаралууда

20 января 2023 09:53 1293 Barometr
Поделиться в:
ok

Таласта муз тоңуп айылдарды суу каптоо коркунучу жаралууда. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, Таластын Бакай-Ата районунун  Боо-Терек айыл аймагындагы Кара-Суу дарыясында муз тоңуп, суунун денгээли көтөрүлүп турак үйлөрдү жана Сусамыр - Талас - Тараз унаа жолун суу  каптоо коркунучу жаралган.

“Жерине  ӨКМдин  Талас облусу боюнча башкармалыгынын жана Бакай-Ата райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу,   райондук №93 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып, суунун нугу муздан тазалануу менен  суу  каптоо коркунучу жоюлду.

Ошондой эле бүгүн  облустун   Манас районунун Кыргызстан айыл аймагынын Талас, Манас айылдарынын ортосунан өтүүчү суулар тоңуп, аталган эки айылдын үйлөрүн суу каптоо коркунуч жаралган.

Аймакка Манас райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн  14 куткаруучусу тоңгон музду чагып, суунун нугун ачууга тартылды.

Мындан сырткары Суу чарба кызматынан, район администрациясынан, Жол тейлөө ишканасынан жана  жергиликтүү элдерден ж.б. кызматтардан жалпы 90 адам, 1 погрузчик унаасы тартылып, кошумча күч катары иш алып барууда”, -деп жазылат маалыматта.



Ссылка: https://barometr.kg/talasta-muz-jlrd-suu-kaptoo-korkunuchu-zharaluuda



Добавить комментарий