Талас дарыясына чөгүп кеткен эки жашар бала изделип жатат
Поделиться в:
Талас облусунун Өзгөрүш айлынан эки жашар бала сууга чөгүп кетти деп изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
"Бакай-Ата районунда 12-апрелде саат 17:00 чамасында, Өзгөрүш айылында 2019-жылы туулган бала Талас дарыясына чөгүп кеткен.
Кечээ, 13-апрелде издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМнен жалпы 41 куткаруучу, ИИМден 4 кызматкер, жергилүктүү тургундардан 40 адам тартылып, саат 20:50дө убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон эмес.
Бүгүн, 14-апрелде издөө иштери улантылат",- деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/talas-daryyasyna-chgp-ketken-eki-zhashar-bala-izdelip-zhatat
Добавить комментарий ×