Индонезияда маска тагынбагандарды мүрзөлөрдү казууга жөнөтүшөт
Индонезиянын Гресик округунда пандемия учурунда беткапсыз кармалган адамдарды бийлик өзгөчө жазалоону чечти. Алар коронавирустан каза болгондор үчүн мүрзөлөрдү казууга жөнөтүлөт. Бул тууралуу 14-сентябрдаThe Daily Mail басылмасы жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалыматта, эреже бузган алгачкы сегиз адамды мүрзөлөрдү казууга жөнөтүшкөнү айтылат.
Жергиликтүү бийликтин журналисттерге берген маалыматында , алардын аймагында үч гана кесипкөй мүрзө казуучулар калган. “Ошондуктан аларга жардам бергенибиз эч нерсе болбойт”, -деди.
Индонезиянын Гресик шаарында COVID-19 менен ооругандардын саны өсүүдө жана жергиликтүү айылдарда карантиндик чектөөлөр күчөтүлдү.
"Карантиндин жаңы эрежелерин тоготпогон көптөгөн тургундар бар, аларды коомдук жумуштарга итешип, жазага тартылышат", - дешти жергиликтүү бийлик өкүлдөрү.
Индонезияда оорулардын саны көбөйүп, кечээ 3 636 учур катталды. Пандемия башталгандан бери бейтаптардын жалпы саны 218 382ге жетти. Штаттын борбору Жакартада эң чоң өсүш байкалууда. Азыр бул жерде 54 220 учур катталган. Бирок, алардын чыныгы саны, адистердин айтымында бир топ жогору.
Буга чейин Индонезияда маска режимин бузгандарды табыттарга салып жатканы маалымдалган.
Ссылка: https://barometr.kg/indoneziyada-maska-tagynbagandardy-mrzlrd-kazuuga-zhntsht
Добавить комментарий ×