Бразилияда коронавирустан каза болгондорду көмүү үчүн эски мүрзөлөр казылууда

17 июня 2020 17:08 1631 Barometr
Поделиться в:
ok

Бразилияда күч алган коронавирустун кесепетинен каза болгодорду көмгөнгө жер тартыштыгы жаралып, мурда адамдар көмүлгөн мүрзөлөр казылууда. Ал жакка кайрадан вирустан каза болгондор көмүлөт.

Англис тилдүү “Метро” гезити жазып чыккандай, учурда Бразилияда коронавирустан каза болгондорду көмүүгө жер тартыш. Аларды жерге берүү үчүн эски мүрзөлөр казылууда.

Бразилиянын чоң шаарларынын бири болгон Сан-Паулуда каза болгондорду жерге берүүдө тартыштыктар келип чыккандан улам, аталган мамлекеттин өкмөтү мындан 3 жыл мурун көмүлгөн мүрзөлөрдү ачууга уруксат берген. Андагы калган маркумдардын сөөктөрү металл кутуга салынып сакталат.

 Бразилия СOVID-19дан каза болгон мамлекеттер арасында АКШдан кийин экинчи орунда бара жатат 45 456 адам. Баардыгы болуп 929 миң учур катталып, айыккандар 442 миң бейтап.


Ссылка: https://barometr.kg/braziliyada-koronavirustan-kaza-bolgondordu-km-chn-eski-mrzlr-kazyluuda



Добавить комментарий