Ананьево айылындагы православдардын мүрзөсүн кимдер талкалап кетишти?

12 января 2019 12:20 971 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Ысык-Көл районундагы Ананьево айылындагы православдардын мүрзөсүн белгисиз адамдар казып, талкалып кетишти. Бул тууралуу жергиликтүү жашоочулар Barometr.kg сайтына билдиришти. Алардын атымында, көрүстөндөгү тосмолорду сындырып, гүлдөрдү туш келди чачып жана казып салышкан. 

Мындай абалды жергиликтүү тургундар 11-январь күнү кечке маал байкап калышкан. 

Бул окуя боюнча тургундар укук коргоо органдарына жана айыл өкмөтүнө кайрылышкан. Учурда шектүү катары эч ким кармала элек. Ал эми жергиликтүү тургундар күнөөлүлөр табылып, өз жазасын алышы керек деген талаптарды коюшууда. 


Ссылка: https://barometr.kg/ananevo-ajylyndagy-pravoslavdardyn-mrzsn-kimder-talkalap-ketishti



Добавить комментарий