Сооронбай Жээнбеков Швейцариянын президенти менен жолугушту

10 июля 2019 17:52 1027 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 10-июлда президент Сооронбай Жээнбеков Берн шаарындагы «Лон Манор» резиденциясында Швейцариянын президенти Ули Маурер менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Резиденцияда Кыргызстандын жана Швейцариянын мамлекеттик желектери көтөрүлүп, Ардактуу кароол тизилген.

Эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырып, Сооронбай Жээнбеков жана Ули Маурер Ардактуу кароолду кыдырышты жана расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырышты.Андан соң мамлекеттер башчылары тар курамда сүйлөшүүлөргө бет алышты, андан соң жолугушуу кеңейтилген курамда уланат.

Эскерте кетсек, кечээ, 9-июлда президент Сооронбай Жээнбеков Швейцариянын президенти Ули Маурердин чакыруусунда расмий визит менен Швейцария Конфедерациясына учуп кеткен.

Ссылка: https://barometr.kg/sooronbaj-zheenbekov-shvejcariyanyn-prezidenti-menen-zholugushtu



Добавить комментарий