Сириядагы кыргыз балдарын алып келүү чаралары көрүлүүдө

28 октября 2022 13:29 1097 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм менен жолугушту. Бул тууралуу “Барометр” билдирет.

Маалыматта, Сириядан кыргыз жарандарын плып еелүү маселеси көтөрүлгөнү айтылат.

“Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылыштарда жабыркаган үй-бүлөлөрдү реабилитациялоо, ошондой эле ок атышуу болгон аймактардан балдарды репатриациялоо маселелери талкууланды.

Марат Иманкулов ЮНИСЕФтин Кыргызстанда балдардын укуктарынын сакталышына байланыштуу гуманитардык маселелерди чечүүгө кошкон чоң салымын белгиледи.

 Мындан сырткары, жакынкы мезгилде Түндүк Сириядан балалуу энелерди алып келүү маселесине токтолгон Коопсуздук кеңешинин катчысы Кыргыз Республикасы өз жарандарын репатриациялоо процессин ишке ашыруу менен балдарга баладай мамиле жасоо принциптерин, тагыраак айтканда, алар тууралуу купуялуулукту сактоо, ошондой эле репатриацияланган балдардын энелери менен туруктуу байланышын камсыз кылуу принциптерин карманарын билдирди. 

Марат Иманкулов бул ишке тартылган бардык мамлекеттик органдар кайтып келе турган балдарды тосуп алуу жана аларды коомго аралаштыруу үчүн эң жагымдуу шарттарды түзүүгө камданышкандыгына ишендирди”, -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/siriyadagy-kyrgyz-baldaryn-alyp-kel-charalary-krld



Добавить комментарий