Сирияда жер титирөөдөн 237 адам каза болуп, 639 жаран жаракат алды

6 февраля 2023 12:41 838 Barometr
Поделиться в:
ok

Сирияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 237ге жетти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, жер титирөөнүн кесепетинен 237 адам каза болуп, 639 адам жаракат алганын өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Буга чейин, 111 адам каза болуп, 516 адам жаракат алганы кабарланган. 

"Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинцияларында 237 адам каза болуп, 639 адам жаракат алды", — деп айтылат Сириянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө.   

Түркиянын Кахраманмарас провинциясында да таңкы саат 04: 17де күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө болуп, бир катар шаарларда кыйроолорго алып келди.   

Сириянын бир катар аймактарында да кыйроолор болгону кабарланып, жер титирөө Ливандын борбор шаары Бейрутта да сезилген.    
 
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/siriyada-zher-titirdn-237-adam-kaza-bolup-639-zharan-zharakat-aldy



Добавить комментарий