Сириядан аялдар жана балдар атайын учак менен алынып келинди
«Айкөл» гуманитардык миссиясынын алкагында Сириядан кыргыз жарандыгы бар балдар жана аялдар Кыргызстанга алынып келинди. Бул тууралуу эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, Сириядан 16-февраль күнү эртең менен Квргызстанга атайын учак келип конду. Атайын учак менен 18 аял жана 41 бала келген.
«Өмүрү жана ден соолугу үчүн өтө кооптуу абалда калган жана мамлекет тарабынан коргоого укугу бар балдарды сактап калууга багытталган ушундай масштабдагы экинчи иш-чара болуп саналат. Балдарды мекенине кайтаруу президент Садыр Жапаровдун, министрлер кабинетинин координациясынын жана тышкы иштер министрлигинин, саламаттыкты сактоо министрлигинин жана социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, Кыргызстандын Кувейттеги элчилигинин жакшы координацияланган өз ара аракетинин аркасында мүмкүн болду. Ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) жана Эл аралык Кызыл Крест комитетинин колдоосу менен ишке ашырылды», - деп айтылат маалыматта.
Келген балдар реабилитациялык борборго жайгаштырылып, алардын бейпилдик жана коопсуз чөйрөдө жашоого адаптацияланышы үчүн тийиштүү кызматтар көрсөтүлөт.
Тиешелүү кызматтар балдарды реабилитациялоо жана реинтеграциялоо боюнча иштерди жүргүзөт.
Мекенине келген жарандарды президенттик аппараттан Жолдошбек Мамбеталиев, эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Кылычбек Абышев, тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев тосуп алышты.
Ссылка: https://barometr.kg/siriyadan-ayaldar-zhana-baldar-atajyn-uchak-menen-alynyp-kelindi
Добавить комментарий ×