2018-жылдан бери балдарга карата зомбулук 2 эсеге жогорулады

13 июля 2021 13:42 1537 Barometr
Поделиться в:
ok

2018-жылга салыштырганда балдарга карата зомбулук эки эсеге жогорулады. Бул тууралуу ЖМКга берген маегинде балдардын укугу боюнча атайын өкүл Жыпариса Рысбекова билдиргенин “Барометр” маалымдайт.

Ал 2020-жылы карантинден улам зомбулук жалпысынан көбөйгөнүн белгилеп өттү.

“Баардыгы болуп 300дөй учур катталса, алардын ичинен: денеге залал келтирүүгө 8-14 жашка чейинки балдар, ал эми сексуалдык зомбулукка 15-18 жаштагы балдар кабылган. 42 пайыз учурда бейтааныш адамдар, 32 пайыз учурда ата-энелер, 14 пайызында туугандары зомбулук көрсөткөн. Эркек балдар көп учурда бейтааныш адамдардан жабыркайт, ал эми кыздар көп учурда өгөй атасынан жабыркайт. 2018-жылы сексуалдык зомбулукка 51 бала туш болсо, 2020-жылы 71 бала туш болгон. Алардын көбү Бишкекте катталган, кийинки орунда Жалал-Абад областы жана Чүй областы турат”, - деп айтты Жыпариса Рысбекова.

Ссылка: https://barometr.kg/2018-zhyldan-beri-baldarga-karata-zombuluk-2-esege-zhogorulady



Добавить комментарий