Россиялык турист кызды издөө иштери токтотулду, ботинкасы менен шымы табылды
Каракол суусунда россиялык 29 жаштагы турист Варвара Конопасевичке таандык делген ботинка жана шым табылды. Аны издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдайт.
“Анын кийимдери туристтер тарабынан табылып, куткаруучуларга берилген, ата-энеси аны таанышты. Издөө иштерин токтотууну ата-энеси айтты. Алар Россияга кайтап кетип жатышат.Жакындары кыздын тирүү табылуу мүмкүнчүлүгү аз экенин түшүнүп жатышат.Кыз токойдо адашып кетти деп үмүттөнүп жатышкан, бирок андай болбоду”,-деп маалымдашты ӨКМдан.
Эскерте кетсек, 29 жаштагы кыз 15-июлда Каракол-Алакөл жайлоосуна ата-энеси менен барганда жоголгон.Үй-бүлө Россиядан Кыргызстанга эс алуу үчүн келишкен.
Ссылка: https://barometr.kg/rossiyalyk-turist-kyzdy-izd-ishteri-toktotuldu-botinkasy-menen-shymy-tabyldy
Добавить комментарий ×