Ысык-Көл областындагы жайлоодо россиялык 29 жаштагы кыз жоголду

17 июля 2021 10:06 545 Barometr
Поделиться в:
ok

Ысык-Көл областынын Ак-Суу районундагы жайлоодо 29 жаштагы россиялык кыз жоголду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.

Аталган маалыматка таянсак, 16-июлда Россиянын жараны  К.А.В. райондун  өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө кайрылып, 15-июлда анын үй-бүлөсү Каракол-Алакөл жайлоосуна барышканын, анын кызы дайынсыз жоголгонун кабарлаган.

Издөө иштерине Ак-Суу районунан 12 куткаруучу,Каракол шаарынан 5 куткаруучу, райондук ички иштер бөлүмүнөн 15 кызматкер тартылды. Издөө уланууда.

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kl-oblastyndagy-zhajloodo-rossiyalyk-29-zhashtagy-kyz-zhogoldu



Добавить комментарий