Президенттин БАЭге болгон расмий визитинин алкагында бир катар документтерге кол коюлду. Тизме

13 декабря 2019 09:00 734 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Бириккен Араб Эмираттарына болгон расмий визитинин алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Кол коюлган документтер:

— КР Өкмөтү менен БАЭ Өкмөтүнүн ортосундагы маданият чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө;

— КР Өкмөтү менен БАЭ Өкмөтүнүн ортосундагы туризм чөйрөсүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө;

— КР жана БАЭнин ортосундагы соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө келишим;

— КР Билим берүү жана илим министрлиги жана БАЭ Билим министрлигинин ортосундагы билим берүү жана илим чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө;

— КР Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жана БАЭнин Климаттын өзгөрүшү жана айлана-чөйрө министрлигинин ортосундагы айыл чарба жана мал азыктарынын ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздугу чөйрөсүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө;

— Кыргызстандын Ислам Академиясын куруу боюнча кызматташуу жөнүндө;

— КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана БАЭ Кызыл Жарым ай коомунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө.


Ссылка: https://barometr.kg/prezidenttin-baege-bolgon-rasmij-vizitinin-alkagynda-bir-katar-dokumentterge-kol-koyuldu



Добавить комментарий