Президент Жээнбеков ЖККУнун жетекчиси Валерий Семериков менен жолукту

25 ноября 2019 20:24 1779 Barometr
Поделиться в:
ok


Кыргызстан регионалдык жана эл аралык актуалдуу маселелерди кароодо Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) ролун жана маанисин жогорулатууга кызыкдар.

Мындай пикирди өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн ЖККУнун Башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков менен жолукканда айтты.

Бул тууралуу президенттин маалымат  кызматы кабарлады.

Валерий Семериков ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын ноябрындагы жыйынынын чечимдерин ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планынын аткарылышы жөнүндө маалымат берди.

Сооронбай Жээнбековго Уюмга ийгиликтүү төрагалык кылгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, белгиленген приоритеттер толук кандуу аткарылгандыгын баса белгиледи.

Валерий Семериков 2019-жылдын 27-28-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешине Тышкы иштер министрлер Кеңеши, Коргоо министрлеринин Кеңеши жана ЖККУ Коопсуздук Кеңештеринин катчыларынын комитетинин биргелешкен жыйындарына кароого киргизүүгө документтер даяр экендигин маалымдады.

Ошондой эле 2019-жылдын 28-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынына даярдыктардын алкагында актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Ссылка: https://barometr.kg/prezident-zheenbekov-zhkkunun-zhetekchisi-valerij-semerikov-menen-zholuktu



Добавить комментарий