Ошто жаш балдардан таяк жеген улгайган адам арыз жазуудан баш тартты
Эки өспүрүмдүн токмогуна кабылган улгайган адам балдарды кечирип арыз жазуудан баш тартты. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, эки жан жигит улгайган кишиге кол көтөрүп, коркутуп, акча талап кылып жаткан видеосу интернет булактарына тараган. Кийин милиция өспүрүмдөрдү тапканын, алар жабырлануучудан кечирим сураганы кабарлаган.
Жабырлануучу 58 жаштагы адам Ош шаарындагы мекемелердин биринде күзөт кызматында иштей турганы айтылат. Үч кыздын атасы.
"Балдар жаштык кылып коюушту. Алардын келечегин бузгум келбейт, кечирдим. Алар жаштык кылса, мен токтолуп калган кишимин. Теңелгим жок" деп жабырлануучу кармалган балдардын үстүнөн арыз жазуудан баш тартты", -деп айтылат маалыматта
Учурда "ээнбаштык" катары катталып, иликтөө иштери уланууда.
Ссылка: https://barometr.kg/oshto-zhash-baldardan-tayak-zhegen-ulgajgan-adam-aryz-zhazuuda-bash-tartty
Добавить комментарий ×