Улгайган кишини коркутуп шылдыңга алган Оштогу жигиттер табылды
Бүгүн интернет булактарында эки жаш жигиттердин улгайган, баштык көтөргөн жаранды келекелеп, кол көтөргөн видеосу жарык көргөн. Ал видео " Ош шаарында тартылуусу мүмкүн" деген божомолдор чыккан. Натыйжада, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарында болгондугу жана видеотасмадагы жарандардын өздүктөрү аныкталды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Улгайган жаранга кол көтөргөн жигиттердин айтуусуна караганда Оштогу окуу жайларынын студенттери. Ош шаарынын 2002-жылы туулган жарандар. Алар өздөрүнүн бул аракеттерин жабыр тарткан аксакалдын "ичимдик ичип, өздөрү жашаган аймакка көп келе бергендиктен ушундай кылдык" деп түшүндүрүштү.
Ага кошумча жасаган кадамдары үчүн аксакал адамдан кечирим сурашты. Факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "ээнбаштык" (хулиганство) катары катталды. Иликтөө иштери улантылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/ulgajgan-kishini-korkutup-shyldyga-algan-oshtogu-zhigitter-karmaldy
Добавить комментарий ×