Ошто акциздик маркасы жок тамеки продукциясын сатышкан
Поделиться в:
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Ош шаарында акциздик маркасы жок тамеки продукцияларын аныкташты.
Абдыкадыров көчөсүндөгү соода түйүндөрүнүн бирин текшерүү учурунда 346 даана акциздик маркасы жок жана тиешелүү коштоочу документтери жок кальян үчүн тамеки буюмдары табылган. Алардын жалпы суммасы 197 миң 650 сомду түзөт.
Табылган продукция тартылып алынып, тиешелүү актылар түзүлдү. Бул факт боюнча материалдар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.
Ссылка: https://barometr.kg/oshto-akcizdik-markasy-zhok-tameki-produkciyasyn-satyshkan
Добавить комментарий ×