Ошто 4-кабаттан секирген келиндин баласынын абалы оор
Поделиться в:
Ош шаарында колундагы баласы менен жатакананын төртүнчү кабатынан боюн таштаган аялдын баласынын абалы оор. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, аял кечээ 6-сентябрь күнү кечки саат 17.00гө жакын Ош шаарындагы Урицкий кѳчѳсүндѳ жайгашкан кѳп кабаттуу жатакананын 4-кабатында ачык турган терезеден боюн таштап жиберген. Аялдын жамбаш сөөгү сынып, мээси чайкалган. Ымыркай башынан жаракат алган.
Учурда окуя «ѳзүн-ѳзү ѳлтүрүүгѳ аракет жасоо» беренеси менен катталып, иликтѳѳ иштери жүрүүдө.
Ошондой эле соттук-медициналык жана соттук-биологиялык экспертиза дайындалды.
Ссылка: https://barometr.kg/oshto-4-kabattan-sekirgen-kelindin-balasynyn-abaly-oor
Добавить комментарий ×