Ошто келин 7 айлык баласы менен 4-кабаттан кулап кетти
Поделиться в:
Ош шаарына конокко келген келин колундагы 7 айлык баласы менен төртүнчү кабаттан кулап кетти. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, кырсык кечээ 6-сентябрь күнү саат 17:00 чамаларында болгон.
1978-жылы туулган келин Ош шаарындагы Черёмушки кичи районунда жайгашкан төрт кабаттуу жатаканадан колундагы баласы менен кошо боюн таштаган. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, ал Кара-Балта шаарынан конокко келген.
Айрым маалыматтар боюнча келин окуя болгонго чейин сыра ичкен.
Учурда бул окуя боюнча тергөө иштери башталды.
Ссылка: https://barometr.kg/oshto-kelin-7-ajlyk-balasy-menen-4-kabattan-kulap-ketti
Добавить комментарий ×