Октябрь ИИБнин кызматкерлери жаш жигитти кыйнашкан
Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 22 жаштагы жигитти “580 миң сом уурдадым” деп мойнуна алдырыш үчүн кыйнашкан. Бул тууралуу 13-июнда Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун директору Нурдин Сулайманов билдирди.
Аталган борборго 1997-жылы Ош областында туулган Х.И кайрылып, 30-майда аны Октябрь РИИБнин кызматкерлери кыйнап, башына желим пакет кийгизип, муунтушуп, кабыргага, артка, бөйрөккө, башка уруп-тепкилешкенин билдирген. Жаш жигит ага тагылган кылмыштарды жасабаганын айтууда.
“Х.И. цехте ширетүүчү болуп иштей турганын билдирди. Кылмыш 28-майда болгон, жигитти 580 миң сом уурдап алдың деп айыптап жатышат. Болгону ал мурда соттолгон үчүн ушундай жол менен кыйнашканын жабырлануучу билдирүүдө”,-деп эскертти Сулайманов.
Ссылка: https://barometr.kg/oktyabr-iibnin-kyzmatkerleri-zhash-zhigitti-kyjnashkan
Добавить комментарий ×