Абайлагыла фото. Милиция каза тапкан адамдын сөөгүн таанууга көмөк сурайт
Милиция Талас шаарындагы көчөлөрдүн биринен сөөгү табылган адамды таанууга көмөк сурайт. Бул тууралуу Талас областтык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Аталган маалыматка таянсак, 10-июлда болжол менен саат 14:50дө шаарга жакын жайгашкан Жетиген айылында, Жаңы-Чек каналынын жанынан жашы 40-45тер чамасындагы азиат түспөлүндөгү эркек кишинин сөөгү табылды. Денесинде зомбулук менен өлтүрүү белгилери жок экени аныкталды.
Бул адамды тааныгандар болсо Талас шаардык ички иштер бөлүмүнө-102 номерине же болбосо 0507 86 52 52, 0708 38 83 07 телефон номерлерине байланышууну өтүнүштү.
Ссылка: https://barometr.kg/abajlagyla-foto-miliciya-kaza-tapkan-adamdyn-sgn-taanuuga-kmk-surajt
Добавить комментарий ×