Шамиль Атаханов Кыйноолорду алдын алуу борборуна даттанды

24 июня 2019 13:08 3192 Barometr
Поделиться в:
ok

Мурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атаханов Кыйноолорду алдын алуу борборуна даттанды. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун директору Нурдин Сулайманов бүгүн болгон басма сөз жыйынында маалымдады.

Анын айтымында көптөгөн саясатчылар жана экс-чиновниктер абак жайларында отурушат.

“Аларга карата кыйноо көрсөтүү фактылары болгон эмес. Бизге жакындары менен жактоочулары кайрылып, аларды кармаган жайлар жана ден соолуктарынын абалын билип берүүнү сурашчу. Жакында Шамиль Атаханов кайрылды. Анын арызын Башкы прокуратурага жөнөттүк”,-деп билдирди Нурдин Сулайманов.

Эскерте кетсек, Шамиль Атаханов кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча камакка алынып, учурда 1- СИЗОдо кармалууда.

 

Ссылка: https://barometr.kg/shamil-atahanov-kyjnoolordu-aldyn-aluu-borboruna-dattandy



Добавить комментарий