Видео.Бишкекте милициялар жоголуп кеткен 4 жаштагы баланы таап беришти

22 июня 2019 13:47 1481 Barometr
Поделиться в:
ok


Бишкекте милициялар жоголуп кеткен 4 жаштагы баланы таап беришти. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.  

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын милиция кызматкеринин телефонуна 19-июнда саат 18:15те «Кара-Жыгач» жаңы конушунда жоголуп ыйлап жаткан баланы таап алган адам телефон чалган.

Бала табылган жерге Октябрь райондук ИИБинин төртүнчү  бөлүмүнүн кызматкерлери токтоосуз түрдө барган. Алар баланын ата-энесин издешкен.

Анын жыйынтыгында ушул эле күнү саат 20:00лар чамасында  2016-жылы туулган Н.Н. аттуу бала апасы А.И.ге аман-эсен жеткирилди. Ата-энеси аны улуу кызына каратып коюп жумуштар менен кеткенде баланын жоголуп кеткени белгилүү болду.

Ссылка: https://barometr.kg/videobishkekte-miliciyalar-zhogolup-ketken-4-zhashtagy-balany-taap-berishti



Добавить комментарий